Кирүү

Инвазия же мителердин жугушу

Инвазия, инфекция козгоочу булак-адамга, малга жана өсүмдүккө мителердин жугушу. Мителерге гельминт, кене, рак сымалдар, курт-кумурска жана башка кирет. Организмге мителердин киришинен инвазия оорулары пайда болот. Инвазиянын булагы - мителүү тоют, төшөм, колдонулган буюмдар, жайыт, көлмө жана башка, ошондой эле ылаңдуу мал же илдеттүү өсүмдүк болушу мүмкүн.

Мителер организмге тери аркылуу өтсө активдүү; тоют, суу жана башка аркылуу кирсе пассивдүү инвазия деп аталат. Инвазия ооруларынын созулушу митенин жашашына жараша болот. Көпчүлүк мителер малдын организминде бир гана жолу көбөйүп, бир айдан 9 айга чейин жашайт. Айрымдары узакка, мисалы, фасциол курту кепшөөчү малдын организминде 12 жылга чейин жашайт. Организмдеги мите белгилүү биологиялык стадиядан өткөндөн кийин организмден өзү түшүп калат же кандайдыр таасирлердин натыйжасында (рационду өзгөртүү, ылаңдоо, дарылоо жана башка) өлүп жок болот.

Ой-пикирлер