Кирүү

Карачай кою

Карачай кою - эт-жүн-сүт багытындагы кой породасы. Түндүк Кавказда байыртадан эле асыралып келген узун куйрук койлорду (осетин, кабарда, черкес койлорун) бириктирет. Тоолуу шартка жакшы көнүккөн. Бою жапыз, чымыр, кочкору чагарак мүйүздүү, соолугунун мүйүзү тукул. Кочкорунун куйругунун узундугу 44 сантиметр, соолугунуку 40 сантиметр. Бордогондо куйрук майы 4-5 килограммга жетет. Карачай коюнун көбү кара (80%); ак, боздору да бар. Караларынын көбү ак төбөл, куйругунун учу ак болот. Карачай кою кылчык жүндүү. Кочкорунан 1,6- 2,8 килограмм, соолугунан 1-2,6 килограмм жүн кыркылат. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 60-90 килограмм, соолугу 45- 70 килограмм. Бордогондо 47-56% эт алынат. Ар койдон жылына 65-85 килограмм сүт (майлуулугу 7-10%) саалат. Сүтү быштак жасоодо пайдаланылат. Түндүк Осетин АССРинде, Кабарда-Балкар АССРинде жана Карачай-Черкес АОсунда асыралган.

Ой-пикирлер