Кирүү

Ветеринария акушерлиги жана гинекологиясы

Акушерлик (фр. accoucher - туутка жардамдашуу) - тубар малдын организминдеги физиологиялык процесстерди, малдын бооз мезгилинде, туут учурунда жана тууттан кийин пайда болгон ылаңдын себептерин изилдөөчү ошондой эле алардан алдын алуу, дарылоо ыкмалары жөнүндөгү илим. Акушерликтин маанилүү бөлүмдөрүнүн бири - нормалдуу эмес туутка жардамдашуу (төлдүн жатында туура эмес жайгашышы, малдын жамбаш сөөгүнүн кууш болушунан жана башка себептерден пайда болот), ошондой эле колдон уруктандырууну өркүндөтүү.

Гинекология - тубар малдын негизинен жыныс системасынын дартын (бооз, туут мезгилинен башка учурда да) изилдөөчү илим. Ветеринардык акушерлик жана гинекологиянын негизги милдеттери: малды кысыр калтырбоо үчүн натыйжалуу ыкмаларды алдын ала иштеп чыгуу; бооз малдын организминде зат алмашуунун бузулушуна байланыштуу пайда болгон ылаңды, ал малдын физиологиялык өзгөчөлүгүн изилдөө; малды колдон уруктандыруу ыкмасын өркүндөтүү; малдын бооз же кысыр экендигин эртелеп аныктоо ыкмасын изилдөө; уйдун желининдеги без ылаңын дарылоодо натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгуу.

Ой-пикирлер