Кирүү

Гидромелиорациялык изилдөө

Гидромелиорациялык изилдөө - мелиорация долбоорун түзүүгө зарыл объектилерди (жер участка, территория) изилдөө комплекси. Гидромелиорациялык курулуштарды (канал, плотина жана башкалар ) курууда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйыны. Изилдөө адистештирилген уюм аркылуу жүргүзүлөт. Гидромелиорациялык изилдөө мелиорациялоонун долбоорун иштеп чыгууну, техникалык, экономикалык жана экологиялык изилдөөнүн комплекстик иштерин жүргүзөт.

Ушундай эле изилдөөлөр суу ресурстарын баалоодо, аны комплекстүү пайдаланууда да иштелет. Гидромелиорациялык изилдөө составы жана мазмунун жер шартынын татаалдыгына, мелиорациянын максатына, объект жайгашкан районду изилдөөгө жана долбоорлоо стадиясына көз каранды. Суу мелиорациялоо изилдөөлөрү жерди сугаруу же кургатуу үчүн пайдаланылат. Гидромелиорациялык изилдөөгө топографиялык-геодезиялык, гидрологиялык, инженердик-геологиялык, жер кыртыштык-мелиорациялык, агрардык-экономикалык жана маданий техника изилдөөлөр кирет.

Ой-пикирлер