Кирүү

Жараксыз малды бөлүү

Жараксыз малды бөлүү - малды жаңыртуу же андан ары чарбада пайдалануу үчүн жараксыздарын бөлүү. Жыл сайын малдын бардык түрүндө анын сапатын (кунардуулугу, тукумдуулугу жана башка ) жакшыртуу максатында жүргүзүлөт. Жараксыз малды бөлүүнүн негизги себептери: картайышы, тишинин түшүшү, көп кысыр калышы, кунардуулугунун төмөндөшү, дене түзүл үшүнүн бузулушу же кемтиги, кыйындык менен дарылануучу оорулар (бруцеллёз, туберкулёз жана башка ) менен ылаңдашы, тукумунун начардыгы жана башка. Жараксыз малды өзүнчө бөлүп, бордоп же жайытта семиртип этке төгөт.

Жараксыз малды бөлүүнү атайын түзүлгөн комиссия (ага чарбанын жетекчиси, зоотехник жана ветеринардык адис сөзсүз катышат) мал бонитировкалоо, ветеринардык жана зоотехникалык эсеп, ошондой эле жараксыз деп эсептелген малдын ар бирин ветеринардык кылдат кароонун негизинде жүргүзөт. Жараксыз малды бөлүүнү мал тандоонун бир ыкмасы катары малды же анын айрым породаларын жакшыртууда өтө маанилүү жана жаңы породаларды чыгарууда кеңири пайдаланылат.

Ой-пикирлер