Кирүү

Конок жүгөрү

Конок жүгөрү -дан өсүмдүктөр тукумунун сорго уруусундагы бир жылдык өсүмдүк. Шыпыргы сымал калың топ гүлдүү. Сабагы топ гүлүнүн астынан ылдый ийилип өсөт. Кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Бир катар өлкөлөрдө (Индия, Афганистан жана башка) дан алуу жана тоют үчүн өстүрүлөт. ССРБ де Кичи жана Орто Азия жана Төмөнкү Волга боюнда эгилген. Данынан (70%дай крахмал) акшак, ун, спирт, крахмал жасалат. Даны мал жана үй куштарына тоют катары пайдаланып, жашыл массасынан тоюттук силос даярдалат.

Ой-пикирлер