Кой териси
Кой териси - кой терисинин эпидермиси өтө жука, дермасы (теринин бириктирүүчү ткань бөлүгү) ичке түктүү болот. Тери дермасынын буртүкчөлүү (үстүңкү) жана торчолуу (астыңкы) катмарларынын чеги даана байкалат. Бүдүрлүу катмар торчолуу катмардан калыңырак. Кой терисинен жасалган булгаары жана мех анча бышык болбой, чоюлчаак келип, суу өтмө болот. Жүнүнүн түзүлүшү боюнча кой териси уяң жүндүү, чала уяң жүндүү, кылчык жүндүү, чала кылчык жүндүү терилерге бөлүнөт. Мех өндүрүшүндө биринчи үч топтогу терилер пайдаланылат.
Булар 35 пайызга чейин чыбаш болгондуктан жүндүн өңү саргыч тартып турат. Жүнүнүн узундугуна жараша кой териси жүндүү (5 сантиметрден узун), чала жүндүү (2- 5 сантиметр) жана тайкы жүндүү (2 сантиметрге чейин) териге бөлүнөт. Тери-тон өндүрүшүндө кылчык жүндүү терилер пайдаланылып, чолок тон, ичик жана башка жасалат. Тери-тон өндүрүшүнө айрыкча роман коюнун териси (өзгөчө 5-8 айлык козусунуку) жарактуу.
Булгаары өндүрүшүндө мех жана тонго жараксыз терилер пайдаланылат. Алар 4 топко бөлүнөт: бардык кылчык жүндүү тери (куйруктуу койдун терилеринен башкасы), куйруктуу жана каракөл койлорунун териси; метис кой териси; тайкы уяң жүндүү тери. Кылчык жүндүү териден хром булгаары жасалат. Куйруктуу кой менен каракөл коюнун териси өтө майлуу болгондуктан булгаары жасоого жарабайт, алардан жана метис кой териси менен тайкы жүндүү териден галантерея буюмдары жана башка даярдалат.