Кирүү

Айыл чарба биологиясы

Айыл чарба биологиясы - эксперименттик биологиянын эгилме өсүмдүк түшүмүн, малдын кунардуулугун, ошондой эле пайдалуу микроорганизмдердин тийгизген таасирин жогорулатууга багытталган иш-чаралардын теориялык негизин иштеп чыгуучу бөлүмү. Айыл чарба биологиясы айыл чарба керектөөлөрүнө жана тажрыйбасына байланыштуу эки илимдин (биологиялык жана айыл чарба илимдери) чегинде пайда болуп, генетика, физиология, биохимия, биофизика, молекулалык биологиялык жана башка илимдердин жетишкендиктеринин негизинде өнүгүүдө.

Айыл чарба биологиясынын негизги милдеттери:

  • айыл чарба өсүмдүгү менен малдын гетерозисинин генетикалык жана физиологиялык-биохимиялык негизин ачуу, гибриддештирүүдө ата-энелик жупту тандап алуу, өсүмдүктүн полиплоидиялуу формасын пайдалануу, ошондой эле жасалма мутагенездин табиятын изилдөө;
  • өсүмдүк жана малдын патогенези менен иммунитетинин генетикалык, физиолиологиялык-биохимиялык негизин иштеп чыгуу;
  • мал тоюттандыруу нормасы менен рационун, асыроо жолдорун иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, малдын эт, сүттүүлүгүн арттыруу, жүнүнүн сапатын жакшыртуу жана башка максатында мал азыктанышынын, сүт пайда болууда биохимиялык жана физиологиялык процесстердин, организмде белок жана май синтезинин өзгөчөлүктөрүн дыкаттык менен изилдөө.

Айыл чарба биологиясынын милдеттерине ошондой эле:

  • өсүмдүк менен малдын илдет, ылаңдарына жана зыянкечтерине каршы күрөшүүнүн химиялык, биологиялык ыкмаларын өркүндөтүү;
  • фотосинтез процессинде айыл чарба өсүмдүгүнүн күн энергиясын алуу коэффициентин көбөйтүү, мисалы, айдоо структурасынын оптималдуу моделин иштеп чыгуу;
  • бир катар маанилүү органикалык бирикмелерди (амин кычкылы, белок, антибиотик, фермент ж. б.) пайда кылуучу микроорганизмдерди, ошондой эле топурак микроорганизмдерин, малдын ичеги-карын микрофлорасын изилдөө кирет.

Айыл чарба биологиясы боюнча илимий изилдөөлөргө В. И. Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясы (ВАСХНИЛ) жана ага караштуу бир катар илимий институттар багыт берет.

Ой-пикирлер