Кирүү

Мал жарааты

Жараат - малдын терисинин же дене органдарынын механикалык жол менен майып болушу. Жарааттын пайда болуу себебине жараша сайылган, кесилген, жанчылган, урунган, айрылган, тиштелген, эзилген, ок тийген, ууландырылган, аралаш сайылып-урунган, урунуп-айрылган жана башка деп бөлүнөт. Жарааттын четтери, капталдары, түбү жана көңдөйү болот. Жараттуу жер ооруйт, ачылып, канайт: көп учурда малдын айрым функциясынын бузулушу да байкалат. Ооруу жарааттуу болор замат башталып, убакыт өткөн сайын акырындан басаңдай баштайт.

Ылаң козгоочу микробдор жарадар болор менен жукса жарааттын биринчи: тери, жүн, топурак жана башка нерселер аркылуу жукса жарааттын экинчи инфекциясы деп аталат. Жараат кан токтогондон баштап айыга жана жарааттын четтери карттанып бүтө баштайт. Талкаланган, жанчылган ткандар микробдун көбөйүшүнө шарт түзсө, жараат кабылдап кетиши мүмкүн. Жарааттын айыгышына нервдердин бузулушу, кандын начар келиши, витаминдин жетишсиздиги, түрдүү ылаңдар тескери таасир тийгизет. Дарылоо үчүн кан агууну токтотуп, хирургиялык тазалоону өз убагында жүргүзүү, кабылдатпай турган дарыларды куюу керек.

Ой-пикирлер