Кирүү

Бухгалтерия эсеби

Бухгалтерия эсеби - чарба эсебинин бир түрү. Колхоз , совхоздордо, ошондой эле башка айыл чарба ишканаларында коомдук мүлктүн сакталышын, туура пайдаланышын контролдоо үчүн жүргүзүлөт. Бухгалтерия эсеби айыл чарба өндүрүштүк планын аткаруу процессиндеги системалуу, күн сайын жүргүзүлүүчү документтерге негизделген өндүрүш каражаттарынын эсеби. Бухгалтерия эсеби чарбалык операцияларды документтөө, аларды счётторго жазуу жана башка отчётторго топтоо жолу аркылуу жүргүзүлөт. Счёттордун эки жагы (бөлүгү) болот.

Бир жагы сол -дебет, экинчи жагы оң - кредит. Максаты жана түзүлүшү боюнча счёттор негизги жөндөөчү, операциялоочу, баланстоочу топко, ал эми негизги эсеп активдүү жана пассивдүү болуп бөлүнөт. Активдүү эсеп - чарба каражаттарынын айрымдарын (негизги каражат, материал, даяр продукция, накта акча), пассивдүү эсеп чарба каражаттарынын булактарын эсептөө үчүн колдонулат. Аларга уставдык фонд, мамлекеттик банк кредити, буюм жөнөтүүчүлөргө бересе жана башка кирет. Ар бир чарбалык операция бир счёттун дебетине, экинчисинин кредитине жазылат.

Бухгалтерия эсебинде аналитикалык жана синтетикалык счёттор да колдонулат. Күндөлүк эсептин негизинде продукциянын өз наркын калькуляциялоо - бухгалтерия эсебинин негизги предмети. Бухгалтерия эсебинин бир нече түрү бар, алардын ичинен кийинки жылдарда көбүрөөк таралганы журнал-ордердик форма. Бухгалтерия эсебинин маалыматтары боюнча социалдык айыл чарба өндүрүшүнүн иши анализделет. Бухгалтерия эсеби өлкөнүн финансы министерствосу бекиткен бирдиктүү эсеп планынын негизинде жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер