Кирүү

Кара чегиртке сымалдар

Кара чегиртке сымалдар - түз канаттуулар түркүмүндөгү узун муруттуулар түркүмчөсүнүн тукуму. Өңү кара саргыч, жашыл түстөгүлөрү да бар. Алардын муруту көп муунактуу, көпчүлүгүнүн алдыңкы бутунда угуу тешикчелери, ургаачысынын учтуу жумуртка салгычы, эркегинин катуу канатында үн чыгаруучу аппараты болот. Дүйнөдө 7000 дей, мурунку ССРБ нин аймагында 500 дөй, Кыргызстанда 11 түрү белгилүү. Кара чегиртке сымалдар топурактын кычыктарында, таштын астында, айрымдары кемирүүчүлөрдүн ийиндеринде, кумурска уюгунда жашайт.

Айрым түрлөрү (өткүн, чөл, марокко чегирткелери) эгин талаасын бүт каптап, айыл чарбага олуттуу зыян келтирет. Кыргызстанда талаа кара чегиртке сымалдар, үй кара чегиртке сымалдар, эки тактуу кара чегиртке сымалдар, жылтылдак кара чегиртке сымалдар жана башка кезигет. Күрөшүү чаралары: өсүмдүккө инсектицид чачуу, уулуу татканткычтарды пайдалануу, тоңдурма айдоо жана башка.

Ой-пикирлер