Кызылча зыянкечтери жана илдеттери
Кызылча биттери
Кызылча биттери - тегиз канаттуулар түркүмүндөгү курт-кумурскалар. Алардын кызылчага зыяндуулары: кызылча бити, кызылча тамыр бити, оранжерея жана маш буурчак биттери. Кызылча же чанактуулар битинин узундугу 2 миллиметрдей, канатсыз же канаттуу болот. Өңү көгүлтүр кара. Кызылча, күн карама, чанактуу жана башка өсүмдүктөргө зыян келтирет. Жылына 17 жолу тукумдайт. Жумурткалары калина, жасминде кыштап, апрель - майда личинкалары чыгат. Жайкысын бир тукуму 8-9 күндө өсүп жетилет. Кызылчанын ширесин соруп, өсүшүн начарлатат, кээси куурайт.
Кыргызстанда көбүнчө кызылча уругунун сапатын начарлатып, түшүмүн азайтат. Каршы күрөшүү чаралары: кызылча талаасындагы жана анын тегерегиндеги отоо чөптөрдү жок кылуу; бит жапырт көбөйсө карбофос, метафос, сайфос жана башка фосфорорганикалык инсектициддерди чачуу жана башка Кызылча тамыр битинин узундугу 2,3-2,5 миллиметр. Кыргызстанда 1966-жылы табылып, кээ бир жылдары өтө көбөйгөн.
Партеногенездик ургаачылары кыртышта кыштайт. Жазында личинкалар туулуп, 12-15 күндө ургаачылары өсүп жетилет. Апрель - сентябрда 10-12 жолу тукумдайт. Жайында бир тукуму 9-10 күндө өсүп жетилет. Кызылча, алабатанын майда тамырларында жашап, ширесин сорот. Бит жана анын личинкаларынан жабыркаган өсүмдүк солуп, куурап калат. Каршы күрөшүү чаралары: отоо чөптөрүн жок кылуу; туура которуштуруп эгүү; инсектициддерди пайдалануу жана башка.
Кызылча бүргөлөрү
Кызылча бүргөлөрү - жалбырак жегичтер тукумундагы коңуздар. Кыргызстанда түштүк жана батыш кызылча бүргөлөрү өтө зыяндуу.
Кызылча чымыны
Кызылча чымыны - кадимки чымындар тукумундагы чымын-чиркей; кызылча зыянкечи. Дене узундугу 5-6 миллиметр, личинкасыныкы 7,5 миллиметрге чейин, күңүрт сары түстө. Европа, Түндүк Америка, Азияга, СССРдин Четки Түндүгүнөн башка бардык жерине таралган. Айрыкча кант, аш жана тоют кызылчаларына жана башка өсүмдүктөргө чоң зыян келтирет. Пупарийи топурактын 5-10 сантиметр тереңдигинде кыштайт. Жылына 2-3 жолу тукумдайт. Ар бири 40-100 жумуртка таштайт. Жумурткадан 2-14 күндөн кийин личинка чыгып, жалбырактын ширесин соруп, өсүмдүктү кууратат. Каршы күрөшүү чаралары: талаага 2 жолу инсектицид чачуу - биринчи жолу личинкалар жапырт чыга баштаганда, 2-син андан эки жума өткөндөн кийин. Эгерде зыянкеч көбөйүп кетсе инсектициддер 3 жолу чачылат.
Кызылча шиш тумшугу
Кызылча шиш тумшугу - шиш тумшук туулар тукумундагы коңуздар; кызылча зыянкечтери. Кыргызстанда кызылча шиш тумшугу бир нече түрү - кадимки кызылча шиш тумшугу, боз кызылча шиш тумшугу, түркстан кызылча шиш тумшугу, кызылча сабак жегичи бар. Кадимки кызылча шиш тумшугунун узундугу 10-16 миллиметр, өңү кара. Личинкасынын узундугу 30 миллиметр. Жылына бир жолу тукумдайт. Коңузу топуракта (10-30 сантиметр тереңдикте) кыштап, эрте жазда чыгат. Кызылчанын жалбырагын, жалбырак сабын жейт. Ургаачысы май-июнда жумуртка (100- 120) таштап, андан чыккан личинка кызылчанын майда тамырын жана кызылчанын өзүн жеп, өсүмдүктү солутуп кууратат.
Боз кызылча шиш тумшугунун узундугу 8-12 миллиметр, өңү күрөң, боз. Эрте жазда чыгып, кызылчадан башка да көп өсүмдүктөргө (күн карама, жашылча, чанактуу өсүмдүктөр, тамеки, гозо жана башка) зыян келтирет. Коңузу менен личинкасы топуракта кыштайт. Ар бир тукуму 2 (кээде 3) жыл өсүп-өөрчүйт. Түркстан кызылча шиш тумшугунун көбөйүшү, өсүмдүккө ,зыяндуулугу жагынан кадимки кызылча шиш тумшугуна окшош.
Кызылча сабак жегичинин узундугу 8-11 миллиметр. Ургаачылары жумурткасын өсүмдүктүн сабагына таштайт, андан чыккан личинкалар өсүмдуктүн ширелүү ткандары менен азыктанып, ошол эле жерде куурчакчага айланып, конуздар чыгат. Алар топуракта же өсүмдүк калдыктарында кышташат. Мындан башка кара кызылча шиш тумшугу жана чыгыш кызылча шиш тумшугу да болот. Каршы күрөшүү чаралары: отоо чөптү жок кылуу; агротех. иштерди туура жүргүзүү; коңуздар пайда болгон жерге инсектициддерди чачуу.
Кызылча калкан тумшугу
Кызылча калкан тумшугу - жалбырак жегичтер тукумундагы коңуз; кант кызылча зыянкечи. Коңузунун дене узундугу 6-7 миллиметр, жазы, сүйрү, жону менен канатынын четтери күрөң же кара тактуу. Кызылча айдаган жердин бардыгында кезигет. Жылына 1-2 жолу тукумдайт. Коңуздары жерде кыштап, жазында кызылча, алабата жана шакардуу өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын жоон тамырларын калтырып, жумшактарын бүт кырчып жейт. Ар бир ургаачысы 200дөй жумуртка таштайт. Андан личинка (7-8 күндө) чыгып, жалбырактын астыңкы бетин тешет да 15-20 күндө куурчакчага айланып, эки жумадан кийин коңуздары чыгат. Каршы күрөшүү чаралары: кызылча айдалган жердеги алабата жана шакардуу өсүмдүктөрдү жок кылуу, инсектицид чачуу жана башка.Кызылча канталасы
Кызылча канталасы - канталалар түркүмүнүн сокур канталалар тукумундагы курт-кумурска. Дене узундугу 3,5-5 миллиметр, жылтырак түктүү, каралжын боз түстө. Личинкасынын узундугу 4,4 миллиметр. Европа, Азияга таралган, мурунку ССРБ нин аймагында кызылча айдалган жерлердин баарында кезигет. Кызылчадан башка кара куурай, зыгыр, күн карама, беде, эспарцет, буурчак жана башкага зыян келтирет. Личинкасы кызылчанын жаш жалбырактарынын, чоң кантала генеративдик органдарынын ширесин сорот. Кантала түшкөн кызылча жалбырагы күрөң тартып бүрүшүп куурайт.
Кызылчанын жалбырак сабакчасына жана башка органдарына топтоштуруп 300 гө жакын жумуртка таштайт, 5-15 күндөн кийин жумурткадан личинкалар чыгып, 1 -1,5 айда чоң канталага айланат. Кызылча канталасы 2-4 жолу тукумдайт. Кызылча канталасы жапырт көбөйгөн учурларда кызылчанын уругунун түшүмүн жана канттуулугун азайтып, уругунун сапатын начарлатат. Каршы күрөшүү чаралары: отоо чөптөрдү жок кылуу; беде менен эспарцетти абдан кыска (кыра) чабуу; аянтка инсектициддерди чачуу жана башка.
Кызылча нематодасы
Кызылча нематодасы - heterodera schachtil тукумуна кирүүчү өтө майда жумуру курт. Жетилген ургаачылары саргыч күрөң же күрөң түстө, лимон формасында. Дене узундугу 0,7-1 миллиметр. Эркеги сүйрү, денеси тунук, узундугу 1,2-1,6 миллиметр. Личинкасынын узундугу 0,4 миллиметрге чейин. Кызылча нематодасы кызылча эгилүүчү бардык жерге, өзгөчө Украинага кеңири таралган. Кыргызстанда Калинин, Сокулук, Кант жана Ысык-Ата райондорунда бар. Нематода кызылчанын майда тамырына жабышып, ширесин соруп, түшүмгө зыян келтирет. Нематода көбөйүп кетсе өсүмдүк куурап да калат. Кызылча нематодасы бир вегетация мезгилинде 3-4 жолу тукумдайт. Ургаачысы 600 гө чейин жумуртка таштайт. Каршы күрөшүү чаралары: туура которуштуруп эгүү, отоо чөптөрүн жок кылуу, химиялык чараларды (нематициддерди) колдонуу жана башка.
Кызылча тамыр илдети
Кызылча тамыр илдети - жаңы өнүп чыккан кызылча илдети. Илдетке чалдыккан кызылчанын тамыры менен урук-үлүшүнүн асты жагына саргыч күрөң так түшөт. Илдет күчөп кетсе кызылча тамыры карарып, ичкерип, куурап калат. Илдетти топурактагы өсүмдүк калдыктарында жашоочу козу карын жана бактериялар пайда кылып, бардык кызылча эгүүчү чарбаларда кезигет. Жаан-чачын көп жаап, топуракта температура төмөндөп кеткен учурда күчөйт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке каршы зарыл агротехникалык ыкмаларды колдонуу; калий жана фосфор жер семирткичтерин чачуу; кызылча үрөнүн гранозан менен аралаштыруу; кызылча жаңы өнүп чыкканда катар аралыгын жумшартуу, кызылчаны суюлтуу жана башка