Кер марал
Кер марал - ача туяктуулар түркүмүнүн бугулар тукумундагы сүт эмүүчү жаныбар. Биол. өзгөчөлүгү боюнча маралга окшош. Ыраакы Чыгыш менен Чыгыш Сибирдин тоолорунда, ошондой эле Кытайдын түндүгүндө жана түндүк-чыгышында кездешет. Маралга караганда кичирээк (эркегинин салмагы 170- 250 килограмм), жүнү саргыч, мүйүзү ичке. Жайында түрдүү чөп, бадал, дарактын жалбырак, бүчүрүн, кышында кайың, талдардын жана башка бутагын, кабыгын, жаңгак, козу карын жана башка жейт. Аңчылык кылынуучу баалуу жаныбар, эти, териси, мүйүзү (пант алынат) керектелет. Бугу чарбасында да асыралат.
- Дан жана дан азыктарын сактоо
- Жугуштуу анемия
- Ботаникалык бак
- Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу
- Айыл чарба ишканасынын өндүрүш каражаты
Ой-пикирлер