Кирүү

Калий аныктоо

Калий аныктоо - топурак, жер семирткич жана өсүмдүктөгү калийдин өлчөмүн анализдеп табуу. Топурактагы өсүмдүккө сиңимдүү калийди аныктоодо ал алгач туз жана кислота эритиндиси аркылуу эритме түрүндө бөлүнүп алынат. Андан кийин физикалык (жалын-фотометриялык, радиометриялык) же химиялык (калийди эритмеден чөктүрүп бөлүп алып, кургатып, таразага тартат) ыкма менен аныкталат.

Калийдин өлчөмү эсептелип, анализдеп жаткан 100 г затка карата процент, мг-экв же миллиграмм менен алынат. Минерал жер семирткичтеги калий сууда эригендиктен, суу менен бөлүп алынат. Органикалык жер семирткичтеги калий күлгө айландырылып бөлүнөт. Өсүмдүктөгү калий толугу менен ысык сууда эрийт. Булардан бөлүнүп алынган калий физикалык же химиялык ыкма менен аныкталат.

Ой-пикирлер