Кирүү

Агрохимия картограммасы

Агрохимия картограммасы, агрохимиялык карта — топурактын өсүмдүк азыктануучу заттар менен камсыз болуу деңгээлин жана топуракты акилөө же гипстөө зарылдыгын көрсөтүүчү схемалык карта. Ар бир колхоз, совхоз үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбаларда агротехникалык ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат.

Ири, орто жана кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу агрохимия картограммасынын негизинде чарбанын жер семирткич керектөөсү, айрым талаа үчүн жер семирткичтин түрү жана өлчөмү аныкталып, топуракты акилөө же топуракты гипстөө планы түзүлөт. Топурактын фосфор, калийлүү болушун, кычкылдуулугун көрсөткөн агрохимия картограммасы көбүрөөк, азот, магний, микроэлементтеринин өлчөмүн көрсөткөн агрохимия картограммасы азыраак пайдаланылат.

Агрохимия картограммасында талаанын бирдей агрохимиялык касиеттеги (мисалы, фосфор менен бирдей камсыз болгон) участкаларын мүнөздөгөн контурлар болот. Алар топурак картасынын контурлары менен дал келиши же дал келбеши да мүмкүн. Агрохимия картограмманы топуракты агрохимиялык жактан изилдеп зоналык агрохимиялык лаборатория түзөт. Топурактын агрохимиялык касиети 10 га же андан чоң аянттан алынган орточо топурак сынамыгын анализдөө менен аныкталат.

Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дың, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда агрохимия картограмма түзүлүшү мүмкүн. Кыргызстанда түзүлүүчү агрохимия картограмма масштабы: 1:10000. Орто масштабдуу агрохимия картограмма СССРдин айрым облустары жана айыл чарба зоналары үчүн, кичине масштабдуу агрохимиялык картограмма айрым республикалар жана экономикалык райондор үчүн түзүлүп, минерал жер семирткич даярдоону илимий негизде пландоо жана аларды райондор ортосунда бөлүштүрүүдө колдонулат. Агрохимиялык картограмма ар бир 4—5 жылда жаңыртылат.

Ой-пикирлер