Кирүү

Айыл чарба илимдери эмне иш алып барат

Айыл чарба илимдери - айыл чарба өндүрүшүн изилдөөчү илимдердин комплекси. Изилдөө объектилери - өсүмдүк, мал, микроорганизмдер, алардын тиричилигине байланыштуу топурак-климаттык шарттар, өндүрүш процесстери (техникалык, айыл чарба продукция чыгаруу технологиясы жана экономикасы). Айыл чарба илимдери материалды, эмгекти аз жумшап, айыл чарба продукциясын сапаттуу жана көп чыгаруу максатында айыл чарба өндүрүшүнүн бардык тармактарынын ар тараптан өркүндөп, өнүгүшүнө көмөк берет.

Социалисттик түзүлүш эл чарбасын өнүктүрүү жана эмгекчилердин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн айыл чарба илиминин жетишкендиктерин пландуу пайдаланууну камсыз кылат. КПСС БКнын Май (1982) пленумунан кийинки илимий-изилдөөлөр негизинен СССРдин азык-түлүк программасын орундатууга багытталган. Айыл чарба илиминин эң маанилүү милдеттеринин бири - алдыңкы колхоз, совхоз, илимий өндүрүш бирикмелеринин алдыңкы иш тажрыйбаларын изилдөө жана жалпылоо жана башка айыл чарба илиминин теориялык негизин биология, химия, физика, топурак таануу, климатология жана башка табигый илимдер түзөт. Айыл чарба илиминин шарттуу түрдө агро-экономикалык, агрономия, зоотехника, ветеринардык, инженер-техника илимдерге бөлүнөт.

Агро-экономикалык илимдер комплекси

Cоциалдык, айыл чарба ишканаларынын экономикасы жана уюштурууну, айыл чарбанын пландаштырууну, айыл чарба статистикасын жана башка камтыйт.

Агрономия илимдерине агротопурак таануу, агрохимия, агроботаника, агроклиматология, агротехника, айыл чарба метеорологиясы, дыйканчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, үрөнчүлүк, үрөн таануу, энтомология, фитопатология, агротокой мелиорация, өсүмдүк коргоо жана башка кирет.

Зоотехника илимдер комплекси

Жалпы зоотехнияга (мал асыроо жана тоюттандыруу), мал түрү боюнча зоотехнияга (кой, уй, жылкы жана башка боюнча) бөлүнөт.

Ветеринардык илимдер комплекси

Малдын патологиялык анатомиясы, физиологиясын, жугушсуз ички ылаңдар терапиясы менен ветеринариялык хирургияны, акушерлик менен гинекологияны, паразитологияны, ветеринардык-санитария экспертиза менен зоогигиенаны жана башка камтыйт.

Инженертехникалык илимдерге айыл чарбанын механикалаштыруу, электрлештирүү, машина-трактор паркын пайдалануу, айыл чарба машиналарын ремонттоо, гидротехника, мелиорация жана башка кирет.

Кыргызстанда айыл чарба илими негизинен край таануу институтунун топурак-ботаника жана зоотехния секцияларынын базасында мал чарба илим-изилдөө институту уюшулгандан өнүгө баштаган. Республикада айыл чарба илиминин агро-экономикалык маселелери боюнча илимий иштер экономика илим-изилдөө институтунда жана башка жүргүзүлөт. Агрономия илимдери боюнча маселелерди Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмеси, Кыргызстан топурак таануу жана айыл чарбасын химиялаштыруу илим изилдөө институту, зоотехния илимдери боюнча Кыргызстан мал чарба илимий өндүрүш бирикмеси, ветеринария илимдери боюнча Кыргызстан ветеринария илим изилдөө институту иштеп чыгат.

Айыл чарба илим изилдөө институттары

Айыл чарба өндүрүш тармагын өнүктүрүү боюнча айыл чарба илиминин теориялык маселелерин жана практикалык сунуштарды өз иш профилине ылайык иштеп чыгаруучу илимий мекемелер. Институттун иши, милдети жана башкалары атайын "Уставда" белгиленет. Институтта айыл чарбанында илимий-техника прогрессти камсыз кылуучу илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаны өндүрүшкө киргизүү боюнча илимий изилдөөлөрү менен иштеп чыккан сунуштарынын деңгээлине толук жооп берет. Институттун ишин тиешелүү мамлекеттик агрардык өнөр жай комитеттери жетектейт; ал эми илимий-методикалык жактан бардык институттарга ВАСХНИЛ жетекчилик кылат.

Ой-пикирлер