Кирүү

Бухгалтерия отчёттуулугу

Бухгалтерия отчёттуулугу - отчёт мезгилинин ичиндеги каражаттардын ал-абалын жана чарба-финансы ишин мүнөздөөчү көрсөткүч системасы; бухгалтердин эсебинин маалыматтары боюнча түзүлөт. Ал аркылуу совхоз, колхоздун өндүрүштүк пландарынын аткарылышы текшерилип, отчёт мезгилиндеги чарбалык иштин абалы анализденген. Бухгалтердик отчёттулуктун башкы элементи бухгалтердик баланс болуп саналат. Айыл чарба ишканаларынын бухгалтердик отчёттуулугу эки түрдөн турат:

  1. тышкы бухгалтердик отчёттуулугу - ишкана өзүнөн жогору турган ведомстволоруна жана контролдоо органдарына отчёт тапшырат. Ал мезгилдүүлүгү боюнча айлык, кварталдык, жылдык болуп бөлүнөт.
  2. Ички бухгалтердик отчёттуулугу бухгалтердик жана оперативдик-техникалык эсеп маалыматтарынын негизинде түзүлөт, бул отчёттуулук көбүнчө ишкананы жана анын ички тармактарын башкарууда колдонулат.

Айыл чарба ишканаларында жыл ичинде бухгалтердик баланс жана кыскартылган формадагы отчёт ай, квартал сайын түзүлөт. Ал маалыматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тактыгы, чындыгы, кеңири массага түшүнүктүүлүгү, кыскалыгы, өз убактысында түзүлүшү талап кылынат. Отчёт маалыматтарынын негизинде колхоз, совхоздун чарба иштери анализделип, эсеп-кысабы такталып, пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр ачылган.

Ой-пикирлер