Кирүү

Аэрозоль генератору

Аэрозоль генератору - пестициддердин аэрозолун пайда кылып, аны термомеханикалык ыкма менен чачуучу машина, мында чачылуучу суюктук ысык газдын агымы менен майда тамчыларга бөлүнүп чачырайт. Мурунку ССРБ де түз агымдуу АГ-УД-2, регистрдүү ОАН "Ракета" жана пульсациялык АПП-0,5 "Микрон" маркасындагы аэрозоль генератору чыгарылып келген. АГ-УД-2 маркасындагы түз агымдуу аэрозоль генератору жылытылма, кампа, мал чарба жайларын, дезинфекциялоодо, ошондой эле айыл чарба зыянкечтерине каршы күрөшүүдө пайдаланылат.

Негизги бөлүктөрү: УД-2 бензин кыймылдаткычы, ЯАЗ-204 аба үйлөгүч, станина, аба кабыл алгыч, эки аба чыпкасы, басым менен аба жүргүч, цилиндр түрүндөгү күйүүчү камера, бензин күйгүзгүч, компрессор, ысыткыч түтүк, суюктук чыгуучу чорго, бензин багы. Генераторду чачкыч катары пайдаланганда атайын кийгизилме колдонулат. Генератор трактор арабачасына же унаанын кузовуна орнотулат. Саатына 9 гектар аэрозоль чачат.

Ой-пикирлер