Кирүү

Кесип айкалыштыруу

Кесип айкалыштыруу - колхоз, совхоздо - өндүрүштү натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган эмгекти уюштуруу формасы. Кесип айкалыштыруу эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнө, жумушчу убактысын рационалдуу пайдаланууга байланышкан эмгекти уюштуруунун алдыңкы ыкмаларынын бири. Мында жумушчулар ар түрдүү кесипке таандык болгон жумуштарды, ошондой эле бир кесипке таандык болгон түрдүү жумуштарды аткарат. Социалисттик мелдештин негизги түрү катары 1939-жылы уюштурулуп, өнөр жайда жана курулушта тараган. Кийинки жылдары айыл чарбасында көп колдонулуп, эмгектин натыйжалуулугун арттырууда чоң роль ойноодо. Кесип айкалыштыруу учурунда эмгек акы эреже катары жогорулатылган өлчөмдө төлөнөт.

Ой-пикирлер