Кирүү

Зубр жаныбары

Зубр - көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Дене узундугу 3,5 метр, бийиктиги өркөчүнөн 1,6-1,9 метр, салмагы - 700-900 килограмм, айрымдары 1200 килограмм. Инеги кичирээк (400-600 килограмм). Башы чоң, маңдайы жазы, мүйүзү кыска. Көкүлү, сакалы, жалы, көкүрөгүндө узун жүнү болот. Зубр чөп, дарак жалбырагы, жапайы мөмө-жемиштерди жейт. Букасы 6-7 жылдан, инеги 3-4 жылдан кийин куутка кошулат. Инеги жалкы музоо тууйт. Букасы 19-20 жыл, инеги 25-27 жыл жашайт. Зубр үйүр-үйүрү менен (5-7 ден, кээде 12-15 тен) жазы жалбырактуу жана аралаш токой зонасында жашашкан. Азыр атайын коруктарда багылат. 1980-жылы бардыгы 2000 дей зубр болгон. Кыргызстанда Сары-Челек коругунда багылат. ССРБ нин Кызыл китебине катталган. Эти желет, териси бышык. Бизон менен аргындаштырылганы (1907) - зубр-бизон.

Ой-пикирлер