Кирүү

Айыл чарба машиналарын ремонттоо

Айыл чарба машиналарын ремонттоо - айыл чарба машиналарынын жешилген, сынган же бузулган тетиктерин оңдоо, тейлөө боюнча уюштуруу жана техникалык чаралар системасы. Ал учурдагы жана капиталдык ремонтко бөлүнөт. Трактор жана башка айыл чарба технлары белгилүү өлчөмдөгү жумушту аткаргандан кийин, мезгили менен учурдагы ремонттон өткөрүлөт.

Мында айыл чарба машиналарынын айрым бөлүктөрүн чыгарып бузулган, сынган же жешилген тетиктери оңдолот, же жаңысына алмаштырылат. Учурдагы ремонтто айыл чарба техникасы чарба мастерскоюнда ремонттолот. Мындагы негизги максат техниканы тейлөөдөгүдөй эле айыл чарба машинасын, трактор, комбайндарды ишке шайма-шай кармап туруу болуп саналат.

Ошондой болсо да белгилүү бир убакыттан кийин, айыл чарба машиналарын толук ремонттоо, көп тетиктерин жана башка алмаштыруу талап кылынат. Мындай учурда алар капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Капиталдык ремонтто айыл чарба машиналарынын өндүрүштүк кубаттуулугу же бузулган тетиктери кайрадан толук калыбына келтирилет. Учурдагы ремонтко жумшалган чыгымдар жыл сайын толук бойдон айыл чарба продукциясынын өз наркына кошулат; капиталдык ремонтко кеткен чыгымдар амортизация фондусунун эсебинен жумшалып, продукциянын өз наркына аз-аздан бөлүп кошулат.

Ой-пикирлер