Кирүү

Агератум өсүмдүк уруусу

Агератум — татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк уруусу. Кооз чөп жана майда бадал сымал өсүмдүк. Сабагы түз, бутактанган, көңдөй, майда, ак түкчөлүү.

Жалбырагы тушташ жайгашкан, үч бурчтуу, четтери тегиз эмес. Топ гүлү майда, көгүш, корзинка сымал калканча. Мөмөсү майда, кара, түкчөлүү. Агератумдун 40тай түрү белгилүү. Түштүк жана Борбордук Америкада, АКШнын түштүк-чыгышында өсөт. Эгилме түрүнүн көп сорттору кооздук үчүн үйдө өстүрүлөт. Агератум калемчелеринен жана уругунан көбөйөт. Кыргызстанда агератумдун бир түрү бак, парк, клумба жана гүлзарларда өстүрүлөт.

Ой-пикирлер