Кирүү

Колхоз токою

Колхоз токою - мамлекеттик бирдиктүү токой фондусунун колхозго түбөлүк пайдаланууга берилген жерлердеги бөлүгү. Колхоз токоюна жер-эсеп документине катталган табигый жана атайын өстүрүлгөн (коргоо тилкеси, кум жана аң-чөнөктү тосуу максатында өстүрүлгөн токой жана башка) токойлор кирет. Колхоз токою социалдык токой чарба категориясы катары 1931-1940-жылдары колхоздорду, уюштуруу-чарбалык жактан чыңдоо мезгилинде калыптанган. Пайдалануу мүнөзүнө жараша колхоз токою 2 топко бөлүнөт.

Биринчиси - табияттын ар кандай терс таасиринен сактануу максатында өстүрүлгөн токой, тоо токою (топуракты эрозиядан сактоочу, суу режимин жөнгө салуучу жана башка ), экинчиси - карагай топтоо иштерин жүргүзүүгө арналган токой жана башка. Колхоз токоюндагы чарбалык ишти туура жүргүзүү колхоздун башкармасына же атайын бирикме - колхоз аралык токой чарба уюмуна жүктөлөт. Алардан уруксатсыз колхоз токоюнда карагай топтоого, мал жаюуга, чөп чабууга тыюу салынат. Колхоз токоюндагы чарбалык иштер Колхоз токою жөнүндөгү жобонун негизинде жүргүзүлөт. Кыргызстанда 1987-жылы 18,9 миң гектар колхоз токою (анда негизинен жаңгак, алма, алча, арча, алтыгана, ит мурун, бөрү карагат жана башка өсөт) болгон.

Ой-пикирлер