Кирүү

Картошка сактоо

Картошка сактоо - картошканын коромжуга учурашына каршы иш-чаралардын комплекси. Картошка сактоо туура уюштурулса картошканын үрөндүк, азык-түлүктүк, тоюттук, техника сапаты сакталып, салмагы аз коромжу болот. Картошка сактоонун негизги максаты - үрөндүк картошканын сорттук сапатын, тоюттук жана азык-түлүктүк картошканын салмагын, даамдуулугун, андагы азыкзаттардын, крахмал жана спирт алынуучу картошканын углеводдорун сактоо жана башка. Картошканын жакшы сакталышы анын сорт өзгөчөлүгүнө, өстүрүү шартына, сактоо режимине (температура, абанын салыштырма нымдуулугу жана башка) жараша болот.

Азык-түлүктүк, тоюттук жана техника картошканын чыдамдуу сорттору көпкө сакталат. Картошка сактоодо картошка сактагычтарды алдын ала тазалап, кургатып, хлордуу аки таш, картошка салынуучу идиштерди формалин эритмеси менен дезинфекциялап, 2-3 күндөн кийин желдетет. Траншеяда туруктуу температура 2-3° С болуш керек. Жыйнап алынгандан кийин картошканын курамындагы кант бүт крахмалга айланып, сууда эрибөөчү заттары көбөйөт, кабыгы калыңданып, сыйрылган, жанчылган жерлери калыбына келет. Картошка сактагычта адегенде (10-20 күн) температура 13-18°С (абанын салыштырма нымдуулугу 85-95%), кийин картошка сортуна жана жыл мезгилине жараша температура 2-5°С ге чейин төмөндөтүлөт.

Картошканын көп түшүм берүүчү айрым үрөндүк сортторун сактоодогу ыңгайлуу температура: Лорх жана Эпикур сорттору үчүн 4-5°С, Берлихинген үчүн 2°С жана башка. Өлкөнүн түштүк аймактарында активдүү желдеткичтүү картошка сактагычка муздаткыч орнотулуп, картошка контейнерге салынып, муздаткыч камерага коюлат. Мында жасалма муздатуу 3-4 жумага токтотулат да картошка акырындык менен 2-3°С ге чейин муздайт. Нымдуу картошка күнүнө 6-8 с, кургак картошка 15-30 минута (күнүнө 3-4 жолу) желдетилет. Картошка сактагычтын, картошканын температурасы термометр, термограф, электр термометр, абанын нымдуулугу психрометр, гигрометрдин жардамы аркылуу өлчөнөт. Картошка сактоо режими автоматтык түрдө жөнгө салынат. Туура режимде сакталган картошка нормадан ашык коромжуга учурабайт.

Ой-пикирлер