Кирүү

Ичинен күймө кыймылдаткыч

Ичинен күймө кыймылдаткыч - жылуулук кыймылдаткыч; мында цилиндрдеги күйүүчү отун энергиясы механикалык энергияга айланат. Арналышына жараша ичинен күймө кыймылдаткыч транспорттук жана туруктуу орнотулган (анын ичинде автомобилдик, трактордук жана комбайндык); күйүүчү отундун түрү боюнча - газ жана суюк отун менен иштөөчү; күйүүчү отунду пайда кылуу ыкмасы боюнча - аралашманы тыштан (газ, карбюратор жана башка) жана ичтен (бензинди цилиндрге чачыратуучу жана дизель) пайда кылгыч болуп бөлүнөт.

Ичинен күймө кыймылдаткыч негизги тетик жана механизмдери: тулку, ага бүт тетиктер жана механизмдер бириктирилет; кривошип-шатун механизми, ал поршендин алга-артка умтулуу кыймылын муунактуу валдын айланма кыймылына айландырат; бөлүштүрүү механизми - цилиндрге убагында күйүүчү аралашма (дизелде аба) берет жана цилиндрден иштелген газды чыгарат; азыктандыруу системасы - карбюратор жана газдуу болот, ал керектүү составдагы аралашманы даярдайт, ал эми дизель ичинен күймө кыймылдаткычы кислота цилиндрге дизель майын берет; жөнгө салуу механизмдери муунактуу валдын айлануу санын автоматтык жөнгө салат; майлоо системасы - тетиктин жешилүүчү жерлерин майлайт; от алдыруу системасы (карбюратордуу ичтен күймө кыймылдаткыч) цилиндрдеги аралашманы электр учкуну менен тутандырат; муздатуу системасы - кыймылдаткычтын тетиктерин муздатат; жүргүзүү системасы - кыймылдаткычты от алдырып жүргүзөт.

Ичтен күймө кыймылдаткыч карбюратордуу, газдуу жана дизелдүү болуп айырмаланат. Карбюратордуу ичтен күймө кыймылдаткыч цилиндрге карбюратордо даярдалган аба менен кошо аралашмасы, газдуу ичтен күймө кыймылдаткыч цилиндрге газ-аба аралашмасы кирет. Дизелдүү ичтен күймө кыймылдаткыч цилиндрге таза аба кирип, андан форсунка аркылуу дизель отуну берилет. Цилиндрдеги күйүүчү отун жогорку температурага чейин кысылган абадан тутанып күйөт. Ичтен күймө кыймылдаткыч төрт жана эки тактылуу болуп айырмаланат.

4 тактылуу кыймылдаткычта жумуш процесси муунактуу валдын эки айлануусунда же поршендин төрт жүрүшүндө болуп өтөт. Биринчи такты күйүүчү аралашманы цилиндрге берүү, экинчиси - аралашманы кысуу, үчүнчүсү - кеңейүү (жумуш аткаруу) жана төртүнчүсү - иштелген аралашманы цилиндрден сыртка чыгаруу. 2 тактылуу карбюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли поршендин 2 түрдүү абалы, башкача айтканда муунактуу валдын бир айланышы менен бүтөт. Карбюратордуу кыймылдаткычтар жеңилдигине жана тез от алгандыгына байланыштуу жеңил жана жүк көтөрүүчү автомобилдерге орнотулат. Ал эми дизель кыймылдаткычы отундун сарпталышынын үнөмдүүлүгүнө карата трактор, комбайн жана башка оор жүк көтөрүүчү автомобилдерге орнотулат.

Ой-пикирлер