Кирүү

Калий жер семирткичтери

Калий жер семирткичтери - өсүмдүктүн азыктанышына керектелүүчү калийлүү минерал заттар. Алар көбүнчө туз, күкүрт жана көмүр кычкылдарынын (кээде башка кошундулары да бар) туздары. Калий жер семирткичтери калий туздары бар тоо тектерден алынат. Калий жер семирткичтери чийки калий тузу жана концентраттуу калий тузуна бөлүнөт. Чийки калий тузу табигый калий тузун майдалоо жолу менен алынат.

Чийки калий туздарынан сильвинит, каинит, карналлит, лангбейнит, полигалит мааниге ээ. Концентраттуу калий жер семирткичтерине хлорлуу калий, күкүрт кычкыл, хлорлуу калий - электролит, 30,40% дуу калий туздары, калимагнезия, шакар, күл кирет. Булар негизинен өнөр жайлык жол менен алынат. Калий жер семирткичтери азот, фосфор жер семирткичтери менен бирдикте колдонулуп, чым көңдүү, чополуу, кумдак жерлерде жакшы натыйжа берет.

Картошка, жашылча, кант кызылча, чабынды тоют өсүмдүктөрү, тамеки калийди көп керектейт. Буларды өстүрүүдө калий жер семирткичтеринин мааниси чоң. Калий продукциянын сапатын жакшыртып, өсүмдүктүн айрым козу карын илдеттерине туруктуулугун жогорулатат. Топуракта калий жетиштүү болсо күздүк буудай, чанактуу өсүмдүктөр, дарактар суукка жана кургакчылыкка байымдуу болушат.

Жүзүм, кара күрүч, картошка, люпин, тамеки, буурчак өсүмдүктөрүнө хлорлуу калийди эмес, калимагнезияны, калий сульфатын, калий карбонатын, калий селитрасын колдонууга болот. Калий жер семирткичи негизинен топурак шартына, өсүмдүктүн физиологиялык өзгөчөлүгүнө, жер семирткичтин касиетине жараша өлчөмдө колдонулат. Калий жер семирткичи негизги жер семирткич катары күзгү же жазгы айдоодо пайдаланылат.

Ой-пикирлер