Жүзүмзар асма агрегаты
Жүзүмзар асма агрегаты - жүзүмдүн жыйналган түшүмүн жөөктөрдөн чыгарып, транспортко жүктөөчү жана кыйылган сабагын чыгаруучу агрегат. Бул ишти аткарууда агрегаттын алмашма чөмүчү жана чөмөлөгүчү пайдаланылат. Негизги тетиги - асма гидроцилиндрлүү жүктөгүч. Жүктөгүч трактордун гидросистемасы аркылуу көтөрүлөт жана түшүрүлөт. Жыйналган жүзүмдү жөөктөрдөн чыгарууда, жүктөөдө агрегатты тракторчу жана эки жумушчу тейлейт. Өндүрүштө АВН-0,5 маркасындагы жүзүмзар асма агрегаты колдонулат. Саатына 3,5 гектар аянттагы жүзүм сабагын жыйнайт.
- Айыл чарба азык-түлүк балансы
- Жайлоо деген эмне
- Жыгачтын чарбадагы мааниси
- Асфальт аралашмасы, бетону
- Аткана, өлчөмдөрү, түрлөрү
Ой-пикирлер