Кирүү

Ветеринария диагностикасы

Ветеринария диагностикасы - мал ылаңдарын изилдөө, диагноз коюу ыкмалары жөнүндөгү илим. Ылаңдын диагнозун коюу үчүн изилдөөнүн клиникалык жана лабораториялык ыкмалары пайдаланылат. Ветеринария диагностикасынын клиникалык ыкмалары негизги жана атайын болуп бөлүнөт. Негизги ыкмаларына - көрүү (текшерүү), пальпация (кармалап көрүү), перкуссия (ургулап көрүү), аускультация (тыңшоо), температурасын өлчөө; атайын ыкмаларына - зонддоо, катетерлөө, цистоскопия (атайын аспап - цистоскоптун жардамы менен табарсыкты изилдөө), ларингоскопия (кекиртек ичин атайын күзгү же ларингоскоптун жардамы менен кароо), электр кардиографиясы (жүрөктү электр кардиографтын жардамы менен изилдөө методу), артерия жана вена кан басымдарын аныктоо, рентгеноскопия жана рентгенография, пневмография жана башка кирет.

Лабораториялык ыкмаларга - тоют, суу, кан, заара, тезек же жампаны, ашказан маңызын, экссудат, транссудаттарды изилдөө, бактериологиялык изилдөө жүргүзүү, серологиялык анализ жана башка кирет. Бир катар инфекциялуу ылаңдарды (сибирь кулгунасы, бруцеллёз, ботулизм, туляремия жана башка ) диагноздоодо сөзсүз түрдө биологиялык анализ жүргүзүү керек.

Ой-пикирлер