Кирүү

Гибрид деген эмне

Гибрид (лат. hybrida- аргын) -тукум куучулугу жагынан ар башка ата-энелик формаларды аргындаштыруудан алынган тукум (организм). Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө теги боюнча ар түрдүү өсүмдүктөрдү (ар башка түргө, урууга жана башка таандык) да, бир эле түргө таандык ар башка формаларды да аргындаштыруудан алынган өсүмдүк гибрид деп аталат. Мал чарбасында ар башка түр, урууга жана башка таандык малды аргындаштыруудан алынган тукум гана гибрид боло алат.

Гибриддештирүү

Гибриддештирүү - тукум куугучтук касиеттери айырмаланган жаныбарларды аргындаштыруу жана өсүмдүктөрдү чаңдаштыруу аркылуу алардын жаңы формаларын алуу. Гибриддештирүүнүн негизги максаты - ар кандай типтеги уруктук клеткалардын кошулуусу менен пайда болуп, алардын тукум куугучтук касиеттерин сактаган жаңы организмдерди (гибрид) алуу. Табигый гибриддешүү - жаратылыштагы эволюция процессинин маанилүү факторлорунун бири. Өсүмдүктөрдө жыныс болорун байыркы гректер жана римдиктер (Геродот, Теофраст, Плинийлер) билишкен.

Табигый шартта өсүмдүктөр кайчылаш чаңдашып көбөйүп гибриддешүү жүрүп турат. Биздин заманга чейин 2 миң жыл мурда эле жаныбарлардын гибриди - качыр белгилүү болгон. Жасалма жол менен гибрид алуу мүмкүндүгүн 1634-жылы немец илимпозу Р. Камерариус айткан гибриддештирүү илими 1760-жылы немец ботаниги Р. Кёльрёйтер тамекинин 2 түрүнүн гибридин алгандан тартып өнүгө баштаган. Гибриддештирүү түр ичиндеги, түр аралык жана тукум аралык болуп айырмаланат. Ар башка түргө, тукумга кирүүчү, ошондой эле ар башка географиялык зоналардагы формаларды гибриддештирүү алыскы тегинен гибриддештирүү делет. Баштапкы формаларынын санына жараша жөнөкөй жана татаал гибриддештирүүгө бөлүнөт. Жөнөкөй түрү ата жана энесинин гана катышуусу менен ишке ашат. Энелик, аталык белгилери менен белгиленет. Аргындаштыруу же чаңдаштыруу түз жана тескери болушу мүмкүн.

Алынган гибрид атасы же энеси менен аргындаштырылса же чаңдаштырылса кайталама аргындаштыруу же чаңдаштыруу (беккрос), бул процесс бир нече жолу кайталанса - баскычтуу аргындаштыруу же чаңдаштыруу деп аталат. Гибриддердин 1-мууну айлана-чөйрөгө жакшы ылайыкташкандыгы, бышыктыгы, түшүмдүүлүгү жана тукумчулдугу менен мүнөздөлөт. Өсүмдүктөрдү гибриддештирүү. Киши атайын өстүргөн өсүмдүктөрдүн көбү (буудай, картошка, тамеки, гозо, сулу, жүгөрү, кара өрүк, бал камыш, кооздук үчүн өстүрүдүүчү өсүмдүктөрдүн бир далайы жана башкалар ) хромосомалары эки эселенген түр аралык табигый гибриддер (амфидиплоиддер).

Өсүмдүк селекциясында гибриддештирүү үчүн алынган алгачкы формалардын оң жана терс касиеттеринин экөө тең тукумга берилгендиктен, чаңдаштыруу үчүн терс касиеттери азыраак компоненттер тандалып алынат. Аталык, энелик формалардын тукум куугучтук өзгөчөлүгү (генотип) жана касиеттеринин тукумга өтүү мыйзам ченеми белгилүү болсо гибриддештирүү натыйжасын алдын ала билип, максаттуу багыттоого болот. Ал эми организмдин тукум куугучтук өзгөчөлүктөрү жеке өөрчүү шартына жараша байкалгандыктан, ал шартты башкарууга мүмкүн. Гибрид организмдердин жеке өөрчүшүнүн башкаруу ыкмаларын И. В. Мичурин иштеп чыккан. Өсүмдүк селекциясында сорт аралык (бир түргө кирүүчү формаларды жана сортторду) Г. кеңири колдонулат. Мындай жол менен өсүмдүктөрдүн көп сорттору алынган.

Алыскы тегинен гибриддештирүү - гибрид алуунун өтө татаал жана кыйын ыкмасы. Мында жуп организмдердин жыныс клеткалары аргындаштырууда бири-бирине туура келбеши, ошондой эле биринчи жана андан кийинки гибрид муундар тукумсуз болушу мүмкүн. Кайталама чаңдаштыруу жана полиплоидия жуптардын чаңдашпоосун жана гибриддердин тукумсуздугун жоёт. Ошондой эле алдын ала вегетативдик жакындаштыруу, чаңча аралашмасы менен чаңдаштыруу, энеликтин чаң алгычына гиббереллин суюктугун куюу жана башка колдонулат. Алыскы тегинен гибриддештирүүдө түшүмү сапаттуу жана козу карын илдеттерине, зыянкечтерге туруктуу өсүмдүк түрлөрү алынат. Күн караманын В. С. жана Г. В. Пустовойттор чыгарган түр аралык гибриди илдет, зыянкечке туруктуу келип, данында 55% майы бар.

Алыскы географиялык зоналардагы формаларды гибриддештирүүгө П. П. Лукьяненко алган буудайдын түшүмдүү, сапаттуу Кылкансыз-1 жана башка сорттору мисал болот. Тамекинин, картошканын эгилме жана жапайы түрлөрүн гибриддештирүү менен баалуу сапаттагы сорттору алынган. Б. С. Мошков капуста менен чамгырды аргындаштырып, сабак, жалбырагын салат, тамыр түбүн чамгыр катары жегенге жарамдуу гибридди алган. Хромосома жыйындысы эки (диплоид) жана төрт (тетраплоид) эселенген формаларды Г. менен үч эселенген (триплоид) түшүмдүү гибрид алуу өсүмдүк селекциясындагы жаңы багыт.

Бул ыкма кант кызылча үрөнчүлүгүндө кеңири колдонулат. Кыргызстан дыйканчылык илимий изилдөө институтунда татаал гибриддештирүү жолу менен арпанын Нарын -27, Нутанс -970 сорттору, жүгөрүнүн жогорку түшүмдүү Чүй П-2 жана башка гибриддери, жүзүмдүн жаңы гибрид сорттору (Кыргыз эртечили жана башкалар ) чыгарылган.

Малды гибриддештирүү

Зоотехнияда гибриддештирүү жана порода аралык аргындаштыруу жүргүзүлөт. Баалуу чарбалык сапаттагы тукум - гибрид мал алуу же жаңы порода чыгаруу үчүн ар башка түр, түрчө же тукумга кирген мал гибриддештирилет. Аргын мал өз ара оңой аргындашып, тукум бере алат. Гибрид мал өтө кыйынчылык менен алынып, көп учурда толук же жарым-жартылай тукумсуз келгендиктен, алардын тукумун көбөйтүү да өтө кыйын. Толук тукумсуздукта гибрид малдын эркек, ургаачысы экөө тең, жарым-жартылай тукумсуздукта көбүнчө эркеги тукум бербейт.

Ошондуктан гибрид малдын тукумун көбөйтүүдө ургаачы гибрид мал алгач алынган түрдүн эркеги менен аргындаштырылат. Бул көбүнчө гибриддин баалуу сапаттарынын жоголушуна алып келет. Аргын малга караганда гибрид малда гетерозис кубулушу даанараак байкалат. Гибрид мал адатта ата-энесинен пайдалуу чарбалык сапаттары - кунардуулугу, чымырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы менен артыкчылык кылат. Мал чарбачылыгындагы эң байыркы гибриддер: жылкынын эшек менен (качыр), зебра менен (зеброид), сыңар өркөч төөнүн айры өркөч төө менен (нар), топоздун уй менен гибриддери.

Уй чарбасында уйду топоз жана зебу менен гибриддештирүү практикалык мааниге ээ. Топоз порода жакшыртма аргындаштыруу аркылуу симменталь уюнун сүтүнүн майлуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылган. Уй менен топоздун гибриди бийик тоолуу жердин катаал шартына чыдамдуу, эт багытындагы мал катары бааланат. Монголияда жана мурунку ССРБ нин аймагында, ага жакын райондорунда асыралат. "Аскания-Новада" талаа кызыл уюн зебу менен гибриддештирүү аркылуу пироплазмозго туруктуу жана сүтү майлуу зебу сымал мал алынган.

АКШда браман зебусунун (Индия) букасы менен шортгорн уюн гибриддештирүү аркылуу уйдун сантагертруда породасы алынган. Ал ССРБ ге да алып келинген. Уйдун гаял, зубр, бизон менен, зубрдун бизон менен (зубр-бизон), бизондун топоз, зебу, гаял менен гибриддери алынган. Уй менен буйволду гибриддештирүү аракети ишке аша элек. Кой чарбасында койду муфлон жана аркар менен гибриддештирүү аркылуу тоо мериносу жана казак аркар мериносу породалары чыгарылган.

Кой менен эчкини гибриддештирүү аракети ишке аша элек. Чочко, үй кушу, балык чарбасында, жибекчиликте да гибриддештирүү практикаланууда. Малды гибриддештирүү боюнча тажрыйбалар жана жетишкендиктер илимий таанып билүү жана эл чарбасы үчүн чоң мааниге ээ.

Гибриддик талдоо

Гибриддик талдоо - аргындаштырылган организмдердин тукум куучу касиеттеринин аргындарга берилишин изилдөө ыкмасы; аргындаштыруу натыйжасынын так эсебин алуу. Гибриддик талдоону Г. И. Мендель нштеп чыккан. Анын жардамы менен генетиканын негизги маселеси болгон тукум куугучтуктун мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачууга мүмкүн болот. Гибриддик талдоо өсүмдүктөрдү, жаныбарларды селекциялоодо, организмдердин хромосома карталарын түзүүдө, мутациялык жана рекомбинациялык өзгөрүүлөрдү изилдөөдө колдонулат.

Гибрид үрөн

Гибрид үрөн - ар кандай форма, сорт, линия, түр жана тукумдагы өсүмдүктөрдү өз ара аргындаштыруу аркылуу алынган үрөн. ССРБ де жүгөрү, конок, кант кызылча, айрым жашылча жана тоют өсүмдүктөрүнүн гибриддик үрөнү кеңири пайдаланылат. Буудай жана майлуу өсүмдүктөрдүн гибриддик үрөнүн өстүрүү мүмкүнчүлүгү изилденүүдө. Гетерозис кубулушуна байланыштуу мол түшүм берүүчү 1-муундагы гибриддик үрөнү эгилет. Кийинки муундагы гибрид үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгү кескин түрдө азайып кетет. Гибрид үрөнү ар бир өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө ылайык ыкма менен өстүрүлөт.

Ой-пикирлер