Кирүү

Кочкорбаев Исак

Кочкорбаев Исак (1890, Ивановка району, Октябрь кыштагы -1965, Ысык-Ата району, Кочкорбаев кыштагы) - колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин мал чарбасынын устаты (1953). 1932-жылдан ССКП мүчөсү. 1929-1957-жылдары Кыргыз ССРинин мурдагы Ивановка (азыркы Ысык-Ата) районундагы "Кеңеш" колхозунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген.

Анын жетекчилигинде "Кеңеш" колхозу республикадагы алдыңкы ири чарбалардын бирине айланган. 1954-1958-жылдары ССРБ ЖСинин, 1947-1955- жылдары Кыргыз ССР ЖСинин депутаты. Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган. Ал жетектеген мурдагы "Кеңеш" колхозуна анын ысымы берилген.

Ой-пикирлер