Кирүү

Айыл чарба өсүмдүк илдеттери

Айыл чарба өсүмдүк илдеттери - илдет пайда кылуучу себептердин (илдет козгогучтар, айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шарты ж. б.) таасиринен өсүмдүк функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу жана азык зат сиңирүү ж. б.) жана организм (клета жана ткань) түзүлүшүнүн бузулуу процесси. Айыл чарба өсүмдүк илдеттеринин белгилери же тиби, илдетке чалдыккан өсүмдүк түрү, илдет козгогучтары боюнча класстарга бөлүнөт. Илдетке чалдыгуу себебин табууда этиологиялык класстарга бөлүнүүнүн мааниси чоң. Мында өсүмдүк илдети 2 топко (жугуштуу жана жугушсуз) бөлүнөт.

Жугуштуу илдетти фитопатогендик козу карын, бактерия, вирус, нематода, гүл мителери пайда кылат. Булардын мүнөздүү өзгөчөлүгү - илдет козгогучу илдеттенген өсүмдүктөн таза (илдеттенбеген) өсүмдүккө жаныбар, шамал, суу жана башка аркылуу жуктурушунда. Көп убакка чейин же өсүмдүктүн бүт өсүү мезгилинде белгилери билинбеген жугуштуу илдеттер (кара көсөө, айрым вироздор менен бактериоздор) да белгилүү.

Жугушсуз, физиологиялык илдеттерди сырткы чөйрөнүн ыңгайсыз шарттары (минералдык азыктануу режиминин бузулушу, температуранын кескин өзгөрүшү, нымдын ашыкча же тартыш болушу ж. б.) пайда кылат. Өсүмдүктүн жергиликтүү деп аталган илдети анын тигил же бул органынын айрым чектелүү гана жерин, ал эми жалпысы өсүмдүктү бүт же дээрлик баарын илдеттендирет.

Өсүмдүктүн белгилүү органын гана илдетке чалдыктыруучу органотроптуу илдет да болот. Илдет өнөкөт же циклдүү өтөт. Илдеттин пайда болушу, күчөшү, таралышы илдет козгогучту тез кабыл алуучу өсүмдүктүн болушуна жана ыңгайлуу шартка жараша болот. Бул факторлордун өз ара аракетин изилдөө жана эсепке алуунун негизинде илдеттин пайда болуу прогнозу (кыска жана узак мөөнөттүү) иштелип чыгып, иш жүзүндө пайдаланылат.

Өсүмдүктүн жугуштуу илдетинин патогенези бир нече негизги фазаларга бөлүнөт: илдет жугуудан мурдагы фаза, илдет жугуу фазасы, илдеттин билинбей өткөн мезгили, илдет билинбей өткөндөн кийинки мезгил.

Өсүмдүк коргоодо өсүмдүк илдетин аныктоо, өсүмдүктүн көп илдетинин билинбей өткөн мезгилинин узактыгын билүү абдан маанилүү. Илдеттин билинбей өткөн мезгили бүткөндөн 1-3 күн мурда өсүмдүктүн жалбырак, мөмө, бутагына пестицид чачылса илдет козгогучтар өлүп, жугуштуу илдет токтойт.

Патологиялык процесстердин өөрчүү ылдамдыгы сырткы факторлорго гана эмес, өсүмдүктүн илдетке туруктуулугуна жана тез кабыл алышына да байланыштуу. Илдет козгогуч өсүмдүктү илдетке чалдыктыруу менен катар анын илдеттен коргонуу касиетинин пайда болушуна көмөк берет. Өсүмдүктүн өлчөмдүү жериндеги илдет (жергиликтүү илдет), ошол өсүмдүктүн коргонуу реакциясынын туруктуулугуна байланыштуу. Диффузиялык (жалпы) илдет өсүмдүктүн коргонуу реакциясы жакшы туруштук бере албаган учурда өөрчүйт. Мындай илдеттерге вирустуу мозаика, чирик жана башка кирет.

Өсүмдүктү илдеттен сактоодо алдын ала көрүлгөн иш-чаралар, өсүмдүк карантини чечүүчү роль ойноп, илдеттин пайда болуу, өөрчүү жана таралуу коркунучунан сактайт же кыйла даражада токтотот, мисалы, үрөндү химиялык жол менен ууландыруу, өсүмдүккө химикат чачуу жана башка иштер илдетке чалдыккан жалбырак, мөмө-жемиштерди дарылоо гана эмес, илдетти таза өсүмдүккө жуктурбоону алдын алуу да болуп эсептелет.

Өсүмдүктү илдеттен сактоо үчүн экономикалык жактан жакшы натыйжа берүүчү коргоо иштери жүргүзүлөт. Агротехникалык, химиялык жана башка коргоо каражаттарын колдонуу түшүмдүн илдеттен коромжуга учурашын азайтат. Өсүмдүктүн илдетке туруктуу сортторун эгүү мындан да жакшы натыйжа берет.

Ой-пикирлер