Кирүү

Вейсман Август

Вейсман Август (17. 01. 1834, Франкфурт-на-Майне - 05. 11. 1914, Фрайбург) - немец зоологу, эволюциялык окуунун теоретиги. Фрайбург универстетинин профессору (1873-1912). Алгачкы эмгеги булчуң ткандарынын гистологиясына, тузсуз суудагы организмдердин биологиясына жана башка арналган. 1860-жылдардын аягынан баштап Ч. Дарвиндин окуусун жактап, аны өнүктүрүүгө арналган теориялык изилдөөлөргө өткөн.

Витализмге каршы чыгып, ламаркизмди жокко чыгарган. Вейсман неодарвинизм окуусун түзүп, анда эволюция жөнүндөгү дарвиндик окууну андан ары өнүктүргөн. Вейсман гендердин дискреттүүлүгү, алардын хромосомада жайгашкан орду, онтогенездеги ролу жөнүндөгү азыркы түшүнүктү алдын ала айткан.

Ой-пикирлер