Кирүү

Ит чарбасы

Ит чарбасы - түрдүү эл чарба тармактарында, спорт жана армияда пайдалануу үчүн ит породаларын багуучу мал чарба тармагы. Дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндө тараган. Ит чарбасы мурунку ССРБ нин аймагында 3 багытта багылат: 1) ишчи иттер: Четки Түндүктө чанага чегилүүчү, мал короо-сарайларына сакчы катары пайдалануучу, күзөткө, из кууп табууга жана башка иштерге пайдалануучу иттер; 2) аңчылыкта пайдаланылуучу иттер; 3) эрмектик иттер.

Айрыкча малчылар үчүн малды талаага жаюуда, ит-куштан сактоодо, талаада бөлүнүп калган малды табууда иттин мааниси абдан чоң. Ит багуу боюнча алгачкы уюмдар жарандык согуштан (1918-1920) кийин аңчылардын кооперациялык коомдорунда секция түрүндө уюшулган. Азыр ишчи иттерди түрдүү эл чарба тармактарында, армия жана милицияда пайдалануучу министрлик жана ведомстволор өстүрүшөт.

Аңчылык үчүн пайдалануучу иттерди өстүрүү иштерине Табиятты коргоо, корук жана аңчылык чарба башкы башкармасы, союздук республикалардын, областтык, крайлык аткомдордун аңчылык чарба башкармалары жетекчилик кылган. Ар бир союздук-республикалык аңчылар коомунда кинология секциялары иштеген. Ит чарбасы боюнча кадрлар атайын мектеп жана курстарда даярдалат.

Ит чарбасы боюнча жыл сайын көргөзмө өткөрүлүп, анда эң мыкты иттерге медаль, жетон жана байге берилип, алардын ээлерине грамоталар тапшырылат. Ит чарбачылыгы атайын илим тармагы катары айрым айыл чарба жогорку жана атайын орто окуу жайларында окутулат. Ит чарбачылыгы боюнча илимий изилдөө иштерин Бүткүл союздук аңчылык чарба жана айбанат илимий изилдөө институту жүргүзөт. Ит чарбачылыгы боюнча монография, окуу китеби жана маалымый адабияттар чыгарылат.

Ой-пикирлер