Кирүү

Агрардык өнөр жай комбинаты

Агрардык өнөр жай комбинаты — жаңы типтеги айыл чарба бирикмеси. Ал администрациялык райондун базасында түзүлөт.

Комбинаттын негизги милдеттери:

  • чарбалык эсеп, өзүн өзү актоо жана өзү финансылоо аркылуу жогорку сапаттагы айыл чарба жана азык-түлүк продуктуларын чыгаруу, даярдоо, аларды иштеп чыгуу жана сатуу;
  • айыл чарбасынан алынган бардык продукцияны калдыксыз пайдаланууну толук камсыз кылуу, азык-түлүктүн көп түрүн сапаттуу чыгаруу;
  • бардык тармакка илим менен алдыңкы тажрыйбанын, техника менен технологиянын жаңы жетишкендиктерин киргизүү;
  • агрардык өнөр жай комплексинин бардык тармагын пропорциялаш, баланстуу өнүгүшүн жана айыл-кыштактардын социалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу;
  • эмгек коллективдеринин өндүрүштүн түпкү жыйынтыгына жана анын натыйжалуулугунун жогорулашына болгон кызыкчылыгын арттыруу;
  • мамлекеттик, пландык, финансылык жана эмгек тартибин чындоо, өндүрүштү уюштуруу жана башкаруу формасы менен ыкмаларын өркүндөтүү.

Комбинат уюшканда райондук агрардык өнөр жай бирикмеси жоюлат. Комбинатка агрардык өнөр жай комплексинин райондогу бардык ишкана жана уюмдары баш иет. Агрардык өнөр жай комбинатынын түзүмүнө колхоз, совхоз, чарба аралык ишкана, керек-жарак кооперациясынын ишканалары (жалпы же өкүлдөрдүн чогулушунун чечими боюнча), мамлекеттик айыл чарба ишканалары, айыл чарба өндүрүшүн тейлөөчү ишканалар, айыл чарба продукция жана чийки затын кайра иштеп чыгуучу өнөр жай ишканалары, айыл-кыштак курулуш жана транспорт уюмдары, мамлекеттик сооданын жашылча, эт, сүт жана башка азык-түлүктөрдү сатууга адистештирилген ишканалары кирет.

Комбинаттын жогорку башкаруу органы болуп Совет эсептелет. Ага комбинаттын генералдык директору — Советтин төрагасы, анын орун басарлары, комбинаттын карамагындагы ишкана жана уюмдардын жетекчилери, эмгек коллективдеринин өкүлдөрү кирет. Комбинаттын учурдагы иштерин өзүнчө түзүлгөн башкаруу аппараты жүргүзөт. Агрардык өнөр жай комбинаты өз алдынча баланста туруп, укуктук жак болуп эсептелет. Анын иши бир бүтүн катары пландаштырылат жана финансыланат.

Комбинат чыгарган продукциясынын бөлүгүн өзүнүн фирмалык дүкөн, ресторан, кафе жана башка коомдук тамактануу жайларында (комбинаттын Совети бекиткен баада) соодалайт. Агрардык өнөр жай комбинаты СЭВ жана ЮСФРнын чарбалык ишкана, уюмдары менен илим, техника жана эл аралык өндүрүштүк кооперация боюнча тике кызматташтык кыла алат.

Ой-пикирлер