Кирүү

Агрофизика же агрономиялык физика

Агрофизика, агрономиялык физика — топурак жана өсүмдүктөгү физикалык процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физикалык шартты жөнгө салуучу ыкма менен каражатты колдонуу жөнүндөгү илим. Бир нече бөлүмдөрдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы жана каражаттары (өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жана тез өсүп жетилишин жакшыртуу максатында).

Агрофизика 20-кымлымда калыптанган. Азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физикалык жана биофизикалык жана башка теориялык жетишкендиктеринин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе (СССРде агрофизиктердин мектебин түзгөн), С. И. Долгов, С. Н. Рыжовдор жана башка чоң салым киргизген. Агрофизикалык изилдөөлөрдө вегетациялык жана башка ыкма, так приборлор (өсүмдүктөгү физиологиялык процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат.

Мисалы, өсүмдүк менен сырткы чөйрөнүн өз ара катышындагы физикалык процесстер (жылуулук жана ным режимдери, газ алмашуу ж. б.) физиканын эксперименттик каражаттарын, анын ичинде жарым өткөргүч, электрондук аппарат, радиоактивдүү нурлануунун жана башка колдонуу менен изилденет. Приборлордун жардамы менен өсүмдүктөгү биологиялык процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы жана башка жөнүндө маалымат алынат. Өсүмдүккө жана анын сырткы чөйрөсүнө активдүү таасир тийгизүү ыкмалары иштеп чыгылат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топурактын жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу жана башка үчүн пайдаланылат.

Ой-пикирлер