Кирүү

Айыл чарба жумуштарын уюштуруу

Айыл чарба жумуштарын уюштуруу көпчүлүк продуктуларды даярдоо убактысы эки мезгилге бөлүнөт: 1-өндүрүштөгү иш процесстерине адам күчү катышат да ал жумуш аткаруу мөөнөтү деп аталат, 2-адам күчү айрым учурда гана пайдаланылат же такыр пайдаланылбайт. Иш мөөнөтү ар түрдүү процесстерден турат: айдоо, себүү, оруу жана башка Алардын ар бири өз-өзүнчө операцияларга бөлүнөт.

Жумушту туура уюштурууда ишти үзгүлтүксүз жана бир калыпта жүргүзүү үчүн жумушчу күч менен эмгек каражаттарын алдын ала пландаштырып, орду менен жайгаштыруу зарыл. Жумушту сарамжалдуу уюштуруунун жалпы принциптерине пропорциялуулук, убакытты туура бөлүштүрүү, бир калыптуулук же үзгүлтүксүздүк кирет. Жумушту ушул негизде уюштуруу жалпы ишти гана эмес, ар бир адамдын аткарган жеке иштерин да туура уюштурууну камсыз кылат.

Жекече эмгекти сарамжалдуулук менен уюштуруунун элементтерине жумушчу орунду жана андагы жабдууларды жакшыртуу, жумушчулардын квалификациясына жараша иш берүү, аларды тийиштүү өндүрүштүк жана эмгек каражаттар менен камсыз кылуу, эмгек тартибин сактоо кирет. Андан тышкары ишти туура жана илимий негизде уюштуруу, маданий, турмуш-тиричилик, жана башка шарттарды түзүү жана материалдык-моралдык жактан кызыктыруу зор мааниге ээ.

Ой-пикирлер