Ак алма сорту
Ак алма Кыргызстан дыйканчылык илимий изилдөө институтунда чыгарылып, 1985-ж. алма сорту катары бекитилген. Дарагы анча бийик эмес, шагы жайылып өсөт. Жалбырагы кочкул көк, мөмөсү чоң, томолок, сулпу ак, кычкыл-таттуу ширелүү, жагымдуу жыты бар; көпкө (1,5-2 ай) сакталат; суукка байымдуу. Ак алма Ысык-Көл өрөөнүндө августтун башталышында, Чүй өрөөнүндө июлдун ортосунда бышат. Ар бир гектар жерден орточо 144 центнер түшүм алынат. Ысык-Көл, Талас облусунда, Чүй өрөөнүндө өстүрүлөт.
- Жердештирүү же заземление
- Куш келтеси
- Кутукеев Кубаталы
- Аюу кулак
- Агрардык өнөр жай комплексин башкаруунун республикалык жогорку мектеби
Ой-пикирлер