Кирүү

Көчүрүп тигүү

Көчүрүп тигүү - негизинен жашылча, мөмө-жемиш, гүл жана башка өсүмдүктөрдүн жаш көчөттөрүн көчүрүп отургузуу. Жашылчанын (капуста, томат, калемпир жана башка) 50% дан көбү көчүрүп тигүү ыкмасы менен өстүрүлөт. Жабык, жылуу жерде жашылча уругунан өндүрүлгөн жаш көчөттөр топурактан этияттык менен алынып, өсүмдүк түрүнө, көчөттүн чоң-кичинелигине жараша бири биринен белгилүү аралыкта, тамыры кыскартылбай отургузулат. Мөмө жана башка дарак, бадал көчөтүн тигүүдө анын тамыры тегизделип, негизги тамыры ийилбегендей кылып отургузулат. Мында көчөт отургузулуучу аянт жана чуңкурлар мурдатан даярдалат. Көчөт отургузулган чуңкурга кык же чиринди күр топурак аралаш салынып, ныкталгандан кийин сугарылат.

Ой-пикирлер