Кирүү

Атрофия ткандардын соолуусу (чарбада)

Атрофия грек сөзүнөн - ачка болуу, соолуу дегенди билдирет - тирүү организмдин органдарынын же ткандарынын функциясынын бузулушу (токтошу) менен көлөмүнүн кичирейиши. Зат алмашууда диссимиляция ассимиляцияга басымдуулук кылат. Организмдеги кургактык өзгөрүүлөргө карай физиологиялык атрофия (мисалы, картаң же кысыр уйдун желинин атрофиясы) жана патологиялык атрофия болуп айырмаланат.

Патологиялык атрофияга кысылуудан, ачка же кыймылсыз болуудан пайда болгон атрофия, гормондук атрофия (бычылган малдын урук безинин атрофиясы), ууландырма атрофия (арыктатып жабыркаткан ылаңда), нейрондук атрофия (орган, ткандардын борбордук нерв системасы менен байланышы бузулганда) кирет. Атрофия - кайталанма процесс. Анын пайда болуу себебин жок кылганда орган менен ткандын функциясы толук калыбына келет. Органдын бир бөлүгү атрофия болгондо бүт органдын функциясын калыбына келтирүү үчүн анын калган бөлүгүнө гипертрофия пайда кылуу натыйжалуу.

Ой-пикирлер