Кирүү

Кыяк чөп

Кыяк чөп, кара кыяк - дан өсүмдүктөр тукумунун клинэлимус, элимус, арпакан жана башка уруусундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. ССРБ де баалуу тоют өсүмдүгү катары негизинен Сибирь кыяк чөбү, ситников кыяк чөбү, туздуу кыяк чөбү, бийик кыяк чөп, даур жана турга кыяк чөптөрү белгилүү. Сибирь кара кыягы - борпоң түптүү, көп жылдык дан өсүмдүгү. Сабагы тик (бийиктиги 45-90 сантиметр) суукка, кургакчылыкка чыдамдуу. Сибирдин токойлуу талаасында эгилип, чөбү чаап алынат.

Начар алысындайт. 100 килограмм чөбүндө 42,5 тоют бирдиги, 3,3 килограмм сиңимдүү протеин болот. Баш алганга чейин уй, жылкы жакшы оттойт. Ситников кара кыягынын сабагы анча жалбырактуу эмес, бийиктиги 30-80 сантиметр. Мурунку ССРБ нин аймагында Европа бөлүгүндө, Сибирде, Казакстан, Кыргызстандын чөлдүү, кургак, шор, каткалаң жерлеринде өсөт. Көк чөбү баалуу тоют. Туздуу кара кыяк чөбү бат катуулангандыктан гүлдөгөнгө чейин чабылат. Жакшы алысындайт. Чөбүндө протеин жана май болот.

Ой-пикирлер