Кирүү

Биохимия

Биохимия , биологиялык химия - организмдин химиялык составын, андагы заттардын түзүлүшүн, структурасын, таралышын, алмашышын жана функциясын изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша жаныбарлардын, адамдын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин биохимиясы болуп бөлүнөт. Микроорганизмдерде, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткалары менен ткандарында жүргүзүлгөн изилдөөлөр өз ара бирин-бири толуктап, байытат.

Биохимия статикалык (организмдин химиялык составын анализдөө), динамикалык (организмдеги заттардын химиялык айланышын изилдөө) жана функциялык (түрдүү тиричилик аракеттердин негизинде кайсы химиялык процесстер жаткандыгын аныктоо) болуп айырмаланат. Өз алдынча илим катары биохимия XIX кылымдын аягында органикалык жана физикалык химиянын биологиясында колдонулушуна байланыштуу калыптанды.

Биохимиянын эң жалпы маселеси - жашоонун жана тиричилик аракетинин негизи катары организмдердеги зат алмашууну бардык жагынан изилдөө. Биохимиялык изилдөөлөр өтө көп маселелерди камтыйт, биологиялык, химиялык медицинанын биохимия менен байланышпаган бир да тармагы жок. Биохимия тиричилик процесстеринин маңызын теориялык жактан гана таанып билүүдө маанилүү болбостон, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбасы, агрохимия, тамак-аш өнөр жай, медицина жана башка практикалык маселелерин чечүүдө да мааниси чоң.

Өсүмдүктөгү зат алмашуунун, анын ичинде фотосинтездин, өсүмдүктүн азыктанышынын, кургакчылыкка, суукка байымдуулугунун, илдетке туруктуулугунун биохимиялык табиятын изилдеп билүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүн рационалдуу агротехнологиянын жардамы менен жөнгө салуунун негизин түзөт. Биохимиялык изилдөөлөрдүн негизинде мөмө-жемиш жана жашылчанын витаминдүүлүгүн көбөйтүүгө, күн караманын майы арбын жаңы сортторун жаратууга жана башка мүмкүн болду.

Малдын кунардуулугун жогорулатуу, сүт саап алууну жана анын майлуулугун көбөйтүү жана башка иштер үчүн малдын организминдеги биохимиялык процесстерди билүү жана аны акыл-эстүүлүк менен башкаруу зарыл. Тоютту туура даярдоо, силостоо, белок, витамин, антибиотик, микроэлементтер менен байытуу жана башка маселелер биохимиялык изилдөөлөрдүн негизинде чечилет. Өсүмдүк жана мал чийки затын сактоо, тамак-аш азыктарын даярдоо технологиясы да биохимияга негизделет.

Ой-пикирлер