Кирүү

Гербарий

Гербарий - 1) Илимий иштер үчүн атайын чогултулуп кургатылган өсүмдүк коллекциясы. Гербарий белгилүү аймактын флорасы жөнүндө маалымат берет. Гербарий жыйноо түрдүү ботаникалык, айыл чарбалык , геологиялык , гидрологиялык, геохимиялык жана башка атайын изилдөөлөргө байланыштуу.

Азыркыга чейин сакталган эң байыркы кургатылган өсүмдүк коллекциясы Каспар Ратценбергге (1556-1592) таандык. Дүйнөдө 500дөй ири гербарий (мурунку ССРБ нин аймагында 60 тан ашык) бар, анын ичинде бирден-бир көлөмдүү - 5 миллиондон ашуун барак гербарий ССРБ илимдер академиясынын В. Л. Комаров атындагы Ботаникалык институтта (Ленинград) тиешелүү болгон.

Чет өлкөдө эң ири гербарий Лондондо (Линнейдин гербарийи ) жана Кью ботаникалык багында (6,5 млн) сакталат. Орто Азиянын флорасын изилдөөдө маанилүү гербарий Ташкент университетинде , Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан чогултулган 300 миңге жакын гербарий барагы Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Биология институтунда сакталууда.

Жалпы флоралык гербарий менен катар, атайын - техникалык, айыл чарбалык , тамак-аш, дары-дармектик жана башка пайдалуу өсүмдүк гербарийлери да болот. Гербарий түзүү үчүн керектүү чөп өсүмдүгү тамыры менен кошо бүт бойдон, дарактын бир бутагы, кабыгынын жана жыгачынын кесиндиси алынат. 2) Кургатылган өсүмдүктөр сакталуучу жана аларды илимий жактан изилдөөчү мекеме.

Ой-пикирлер