Кирүү

Азот бактерин жер семирткичи

Азот бактерини — азот бактериялары бар жер семирткич. СССРдеги стандарт боюнча 1 грамм азот бактерининде 50 миллиондон ашык азот бактерия клеткалары бар. Топурак азот бактерини (аш болумдуу чөйрө — нейтралдуу топурак) жана агар азот бактерини (аш болумдуу чөйрө — агар-агар) болуп бөлүнөт. Топурак азот бактерини колдонулуучу жерде даярдалат. Мында азот бактериялары органикалык заты арбын бак же бакча топурагында өстүрүлөт. Атайын заводдо же лабораторияда чым көң, чиринди же агар препараты түрүндөгү азот бактирини даярдалат. Азот бактерини фосфору жетиштүү нейтралдуу топуракка өсүмдүктөрдүн (чанактуулардан башка) азыктанышын жакшыртуу үчүн үрөн менен кошо чачылат. 1 га жерге чачылчу үрөнгө 3-6 килограмм азот бактерини кошулат.

Азот бактериялары — азот топтоочу аэробдук бактериялар уруусу. Азот бактериялары абадан азотту алып, аны өсүмдүккө сиңимдүү түргө айлантат. Алар сүйрү же тоголок формада (2х5 мкм), кыймылдуу же кыймылсыз болуп, спора пайда кылбайт. Айдалган жердин топурагында көп кезиккен азот бактериялары айрым витаминдерди, өсүмдүктүн өсүшүн тездетүүчү заттарды, антибиотиктерди пайда кылат. Азот бактерияларынан азот айтылган бактерини даярдалат.

Ой-пикирлер