Кирүү

Картошка казгыч

Картошка казгыч - картошка казуучу машина. Ал картошканы казып, топурактан жана сабагынан ажыратат. Негизги бөлүктөрү: рама, автоматтык чиркегич, эки негизги жана ортоцку казуучу тиш, негизги жана каскаддуу элеватор, калбырлуу какма, шилегич, кыймылга келтиргич жана дөңгөлөк. Элеваторлуу картошка казгычтын казуучу тиштери жана 3 элеватору бар. Элеватор топуракты жумшартып, картошкадан бөлөт.

Картошка калбырда эленип, топурагы, жалбырак-сабактары жерге түшөт. Картошка кол менен терилет. Чачкыч картошка казгыч бир солду эле аңтарып чачып кетет. Калбырлуу картошка казгыч (2 казгыч тиштен, 2 калбырдан турат) эки солду казат. ССРБ де элеваторлуу (КТН-2В), калбырлуу (КВМ-2М) жана чачкыч (КТН-1А) жана башка картошка казгычтар чыгарылган. Картошка казгыч "Беларусь", МТЗ-50/52 жана башка тракторлорго агрегатталат. Саатына 0,25-0,47 гектар картошка казат.

Ой-пикирлер