Кирүү

Ветеринариялык врач

Ветеринариялык врач - мал доктур - ветеринардык жогорку билимдүү адис. Ветеринариялык врач адистиги ветеринардык институтту же факультетти бүткөн адамга ыйгарылат. Ветеринариялык врач ылаңдуу малды дарылоо, ылаңдын алдын алуу, ага каршы ветеринардык-санитардык иш чараларды аткарып, элди жугуштуу оорулардан (малдан жугуучу) сактайт. Практикалык жана илимий - окутуучулук иштерде ветеринариялык врач эпизоотология, бактериология, паразитология, хирургия, ветеринардык-санитардык экспертиза жана башка адистиктери боюнча иштей алат.

Ветеринария мыйзамы ветеринариялык врач колхоз, совхоз, ветеринардык дарылоо мекемесинде, ветеринардык участкада, ылаңдуу малды дарылоочу станцияда , эт, сүт өндүрүш жайларында , ветеринардык лабораторияларда, ветеринариялык -врачтык кызматта иштөөгө; ветеринардык жогорку окуу жайы, техникум жана илимий изилдөө мекемелеринде жана башка иштөөгө укук берет.

Ылаңдуу малды бир жерден экинчи жерге алып келүүгө тыюу салат; ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзөт жана башка. Ветеринариялык врачтын иши өлкөнүн ветеринардык уставы боюнча жөнгө салынат. Практикалык иште өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн союздук республикалардын ЖСинин Президиуму ветеринариялык врачка "Республиканын эмгек сиңирген ветеринариялык врачы" деген наамды ыйгарат.

Ой-пикирлер