Кирүү

Айыл чарба жумуштарын тарифтөө

Айыл чарба жумуштарын тарифтөө аткарылган ишке жараша эмгек акы төлөөнү топко бөлүп белгилөө. Эмгекке жараша бөлүштүрүүнүн экономикалык мыйзам ченемдүүлүктөрүн жүзөгө ашырууда эмгек акыны жумуштун жана чыгарылган продукциянын көлөмүнө, сапатына жараша туура дифференциялоонун мааниси чоң. Жумуштун саны адамдын күч жана акыл эмгегинин сарпталышына жараша болот.

Ал эми иш убактысынын мөөнөтү, эмгекчилердин тигил же бул тармакта иштеген иштеринин категориясына жараша мамлекеттик тарабынан белгиленет. Жумуштун саны, сапаты эң оболу ар бир адамдын ишке жасаган мамилесине, квалификациясына, техника татаалдыгына жана өндүрүш процесстеринин технологиясына, иштин шартына, мүнөзүнө жараша болот.

Жумушчуларга, кызматчыларга аткарган иштеринин сапатына, санына жараша эмгек акы төлөө, ошол эмгек акы төлөөнүн составдык элементтери болуп эсептелген эмгек нормасы, тарифтик система (жумушту тарифтөө), эмгекке акы төлөөнүн системасы, формасы аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир адамга акы төлөөнүн тарифтик системасына ылайыктуу эмгек акы төлөө иш күнүнүн мөөнөтүнүн узактыгына жана белгиленген жумуштардын нормалдуу жүрүшүнүн кырдаалына жараша болот. Тарифтик система эмгек акы төлөөнү туура уюштуруунун башкы шарты.

Ой-пикирлер