Кирүү

Аэрозолдор

Аэрозолдор - айыл чарбасында түрдүү пестициддерден алынган жасалма туман (аба менен суюктуктун өтө майда тамчыларынын аралашмасы) жана түтүн (аба менен катуу заттын өтө майда бөлүкчөлөрүнүн аралашмасы ). Мындай туман же түтүн аба менен тарап, зыяндуу курт-кумурска, кене жана башкаларды өлтүрөт.

Аэрозоль генераторунда пестициддердин майдагы эритиндисинен, түтүн инсектициддүү жана пестицид сиңирилген материалды күйгүзүүдөн да алынат. Туман же түтүн түрүндөгү аэрозолдор айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана токой зыянкечтерин жок кылуу, эгинди курт-кумурскалардан, кенелерден, малды түрдүү ылаң жугузуучу мителерден сактоодо, ошондой эле жабык кампа, короо-сарайларды дезинфекциялоодо пайдаланылат.

Ой-пикирлер