Кирүү

Жылкы жүрүшү

Жылкы жүрүшү - жылкы басыгынын, желигинин, Текирең-таскагынын, жорголошунун жана башкаларынын жалпы аты. Жылкы жүрүшү табигый жана жасалма, жай жана тез, туура эмес болуп айырмаланат. Басык - эң жай табигый жылкы жүрүшү. Мында жылкы 4 бутун удаасы менен алмак-салмак шилтейт. Адегенде арткы оң, анан алдыңкы оң, анан арткы сол, акырында алдыңкы сол бутун шилтейт.

Жылкынын түрүнө, породасына, экстерьерине жана жеке сапаттарына жараша басык узундугу 1,4-1,8 метр болот. Басыктуу аттын ылдамдыгы саатына 5-7 чакырым же секундасына 1,4- 1,9 метр болот. Эгер арткы туягы алдыңкы туягынын изине түшсө толук, андан ашып түшсө узун, ага жетпей түшсө кыска басыктуу деп айырмаланат. Таскак - кыйла ылдам жылкы жүрүшү. Мында ат бир мезгилде эки бутун (арткы оң, алдыңкы сол жана арткы сол, алдыңкы оң) көтөрөт. Таскак желдирүү жана ыкчам жүрүш болуп айырмаланат. Таскактуу жылкы саатына 50 чакырым ылдамдыкка чейин жүрө алат.

Жорго - бир жак буттарын бир убакта көтөрүп алга таштаган жылкы жүрүшү. Арымы таскакка караганда кыска, тез кайталанат. Жол жорго, кой жорго, чапма жорго болуп айырмаланат. Рекорд койгон жорго жылкы 1609 метрди 1 минута 53,35 секундада өткөн, Текирең-таскак өтө тез жылкы жүрүшү. Жылкы адаттагы текирең-таскак менен жүргөндө саатына 20 чакырым, тез жүргөндө 70 чакырым басат.

Ой-пикирлер