Кирүү

Мичурин Борбордук илимий лабораториясы

Борбордук илимий лабораториясы - И. В. Мичурин атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү, Тамбов областынын Мичуринск шаарында жайгашкан. 1928-жылы мөмө-жемиш өсүмдүк селекциялык -генетикалык станция катары уюшулган, 1934-жылдан бери азыркыча аталат.

Лабораторияда жемиш, жаңгак жана жүзүмдүн жаңы сортторун чыгаруунун селекциялык-генетикалык ыкмасы, гибриддердин кышка чыдамдуулугун алдын ала аныктоо ыкмасы, кээ бир гибриддердин цитоэмбриология маселелери жана башка изилденет. Лаборатория чыгарып, райондоштурулган сорттор: алма - Жаңы антоновка, Анис апорту, Бархат, Күлгүн бельфлер, Кыштык грушовка, Алтын күз, Бак мөлмөлү 401 жана башка ; алмурут - Сары боре, Колхоз жана башка . Лабораторияда аспирантура бар. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жарыяланат.

Ой-пикирлер