Кирүү

Калий туздары

Калий туздары - сууда оңой эрүүчү калий-магнийлүү минералдардан турган тунма тоо тектер. Майдалангандан кийин калий жер семирткичи катары пайдаланылат. Табигый же чийки деп аталуучу калий туздарынын түзүмүнө каинит, карналлит, лангбейнит жана башка минералдар кирет. Калий туздарынын кени алгач 1843-жылы Германияда, ССРБ де 1925-жылы Соликамскиде ("Кама туздары", Кама дарыясынын сол жээги) ачылган.

Калий туздарынын курамында натрий, магний болгондуктан көп өсүмдүк (кызылча, капуста, сабиз, томат, шалбаа чөбү жана башка) үчүн жакшы азык болот. Ал эми хлордун көп болушу тамеки, мөмө-жемиш, картошка, зыгыр буласы жана башкалардын сапатын начарлатат. Калий туздары талаага күзүндө хлор ионуна чыдамдуу өсүмдүктөр үчүн чачылат. Калий туздарынан хлордуу калий, калий сульфаты жана концентрациясы жогору аралаш калий туздары алынат.

Ой-пикирлер